> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк айрым акча алмаштыруу бюролорун жоопко тартты
- URL: https://im.kg/banktar/2025/12/26/uluttuk-bank-airym-akcha-almashtyruu-biurolorun-zhoopko-tartty/
- Published: 2025-12-26T10:53:56.000Z
- Updated: 2025-12-26T10:54:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы «Аскар Кэш» алмашуу бюросу ЖЧКнын лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.**

Мындай маалыматты, Улуттук банктын басма сөз кызматынын кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, Улуттук банк мындан сырткары КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы дагы башка эки алмашуу бюросуна айып пул салган. 

Алардын ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.