> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ELQR системасы аркылуу операциялардын саны 54,5 эсеге өстү
- URL: https://im.kg/banktar/2025/12/31/elqr-sistiemasy-arkyluu-opieratsiialardyn-sany-54-5-esieghie-ostu/
- Published: 2025-12-31T05:42:47.000Z
- Updated: 2025-12-31T05:42:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев 2025-жылдагы Улуттук банктын ишмердүүлүгү, жетишкен жаңычылыктар жана алдыга койгон пландар тууралуу бөлүштү.**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/606475857_1471298391665088_2726331582310636837_n-1.jpg)

КРУБ төрагасы 2025-жыл Кыргызстандагы жалпы каржы тутуму үчүн мазмундуу жана абдан маанилүү жыл болгондугун белгилеп, жарандын кызыкчылыгына түздөн-түз таасир эткен чечимдер чыгарылгандыгын билдирди. 

*“2025-жылы ар башка банктардагы эсептер ортосундагы которуулар үчүн комиссияларды *толук жоюу* болду. ELQR системасы аркылуу операциялардын саны *54,5 эсеге*, ал эми төлөмдөрдүн көлөмү дээрлик *85 эсеге өстү*. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле *QR-коддор аркылуу* *274,9 млрд сом* өткөн — бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу *20 эсеге көп”**\-депбелгиледи Тургунбаев.

Мындан сырткары, ал 2025-жыл **санарип сомдун** — улуттук валютанын үчүнчү формасынын мыйзамдык жактан бекитилген жылы болгондугун билдирди. Анын айтымында, анын ишке кириши **тез жана коопсуз** эсептешүүлөрдү камсыздап, аймактарда каржылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтет жана жаңы санарип кызматтар үчүн **технологиялык негиз** болуп берет.