> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банкка төраганын жаңы орун басары дайындалды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/01/20/uluttuk-bankka-zhany-toraghanyn-orun-basary-daiyndaldy/
- Published: 2026-01-20T11:30:43.000Z
- Updated: 2026-01-20T11:36:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басары болуп Медет Таиров дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.**

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык **Таиров Медет Маратович** Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп бекитилди. 

Буга чейин ал **«Элдик банк» ААКнун** башкармасынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/------------_KhxtfS5-2-1.jpg)

Президентин дагы бир кол койгон тескемесине ылайык, Улуттук банктын төрагасынын орун басары **Алиев Бектур Кубанычбекович** жеке арызы боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулду.