> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду
- URL: https://im.kg/banktar/2026/01/26/bishkiektie-2-akcha-almashtyruu-zhaiynyn-litsienziiasy-ubaktyluu-toktotuldu/
- Published: 2026-01-26T12:47:32.000Z
- Updated: 2026-01-26T12:47:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду.**

Тактап айтканда, лицензиялардын аракети 2026-жылдын 24-январынан 7-февралына чейин токтотулду. Чечим төмөнкү алмашуу бюролоруна тиешелүү:

> Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсү, 95 дарегинде жайгашкан "Кызыл жылдыз Кей Джи" ЖЧКсынын 2022-жылдын 1-ноябрында берилген №6389 лицензиясы;

> Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсү, 150 дарегиндеги 4-кеңседе жайгашкан "НАК Кэш" ЖЧКсынын2024-жылдын 28-октябрында берилген №6973 лицензиясы.

Тиешелүү чечим мыйзам бузууларды жоюу жана каржы рыногундагы талаптарды сактоону камсыздоо максатында кабыл алынганы белгиленди.