> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылы Кыргызстанга которулуп келген акчанын агымы 23% өстү
- URL: https://im.kg/banktar/2026/01/27/2025-zhyly-kyrghyzstangha-kotorulup-kielghien-akchanyn-aghymy-23-ostu/
- Published: 2026-01-27T10:14:20.000Z
- Updated: 2026-01-27T10:14:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга которулуп келген акчанын таза агымы 2024-жылга салыштырмалуу 23% өстү. Бул тууралуу КРнын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.**

> *Улуттук банктын маалыматына караганда*, коммерциялык банктардын мезгил - мезгил менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетуна ылайык, **2024-жылы** чет өлкөдөн Кыргызстанга которулган каражат **2 млрд 989 млн $** барабар болсо, **2025-жылы** бул көрсөткүч **3 млрд 223млн $** болгон.

Ал эми Кыргызстандан 2025-жылы **чет өлкөгө** которулган акча 2024-жылга **салыштырмалуу азайган**. Тагыраагы, Кыргызстандан **2024-жылы 445,8 млн $** акча которулса, **2025-жылы 352,1 млн $** которулган.

Акча которуулардын басымдуу **бөлүгү Россия Федерациясынан Кыргызстанга** жана тескерисинче, **Кыргызстандан Россияга** жүргүзүлүп турат.

Белгилей кетсек, жеке адамдардын эл аралык акча которуулары **акча которуу системаларын**, банктык **мобилдик тиркемелерди** жана **электрондук капчыктарды** колдонуу менен жүзөгө ашырылат.