> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УБ банктардын акча алмаштыруучу жайлар менен валюталык операцияларды жүргүзүү уруксатын узартты
- URL: https://im.kg/banktar/2026/01/31/ub-banktardyn-akcha-almashtyruuchu-zhailar-mienien-valiutalyk-opieratsiialardy-zhurghuzuu-uruksatyn-uzartty/
- Published: 2026-01-31T08:39:32.000Z
- Updated: 2026-01-31T08:39:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар, Экономика

**Улуттук банк коммерциялык банктарга алмашуу бюролору менен валюталык операцияларды жүргүзүүгө берилген уруксатты 2026-жылдын 1-августуна чейин узартты. Тиешелүү өзгөртүүлөр жөнгө салуучунун башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 30-январындагы токтом менен киргизилди.**

Бул мөөнөт төртүнчү жолу узартылууда. Буга чейин уруксат алгач 2024-жылдын 1-августуна чейин, андан кийин 2025-жылдын 1-августуна чейин узартылган.

Аталган токтом менен Улуттук банктын башкармалыгынын  
2022-жылдын 22-июлунда кабыл алынган "Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндөгү убактылуу чечимдер жөнүндө" № 2022-П-33/45-2-(НПА) токтомунун күчү убактылуу токтотулду.

**Коммерциялык банктар үчүн:**

- алмашуу бюролору менен операцияларды жүргүзүүдө накталай жана накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу суммасын алмашуу бюросунун жүгүртмө каражаттарынын чегинде, бир календардык күн ичинде чектөө;
- Улуттук банкка жума сайын отчет тапшыруу;
- алмашуу бюролору менен жүргүзүлгөн накталай жана накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу операциялары боюнча маалыматты ар бир айдын акыркы жумуш күнүнө карата Улуттук банкка отчеттук айдан кийинки жумуш күнүнүн саат 16:00үнө чейин берүү.

**Алмашуу бюролору үчүн:**

- коммерциялык банктар менен накталай чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу операцияларын бир календардык күн ичинде жүгүртмө каражаттарынын жалпы көлөмүнөн ашкан өлчөмдө жүргүзүүгө тыюу салуу;
- коммерциялык банктар менен накталай жана накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу операцияларын жүргүзүүдө алмашуу бюросунун жетекчисинин колу коюлган жазуу жүзүндөгү маалыматты, мурунку күндүн аягына жана/же учурдагы күндүн башына карата жүгүртмө каражаттарынын өлчөмүн тастыктаган маалыматты, контрольно-кассалык машинанын (ККМ) чеги менен кошо берүү.