> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда
- URL: https://im.kg/banktar/2026/02/09/uluttuk-bank-sanarip-som-platformasyn-pilottuk-tiestirloosun-ishkie-kirghizuugho-daiardanuuda/
- Published: 2026-02-09T10:48:35.000Z
- Updated: 2026-02-09T10:48:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Министрлер кабинетинин иш-чаралар планына ылайык, Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоорунун ишке киргизилиши 2026-жылдын аягында — 2027-жылдын башында өткөрүлө тургандыгы маалым болгон** *.*

**Санарип сом* — бул Улуттук банк тарабынан чыгарылуучу улуттук валютанын санарип формасы.* *Азыркы учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы бар, алар – *накталай сом*, жана коммерциялык банктар менен Улуттук банктагы эсептерде жайгашкан *нак эмес сом.* Күтүлүп жаткан санарип сом - мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат жана *1 санарип* сом *1 кадимки* *сомго барабар* болот. Ал төлөмдөрдү тездетүү, чыгымдарды азайтуу жана акча жүгүртүүнүн ачыктыгын жогорулатуу максатын көздөйт. *Ишкер медиа* сунушталып жаткан улуттук валютанын санариптик формасынын чыгышын утурлай, *Улуттук банктын басма сөз кызматына*  кийинки суроолор менен кайрылып, жооп алды.* 

### **Санарип сомдун пилоттук долбоорун сыноого - кимдер катыша алышат?**

> Азыр Улуттук банк санарип сом платформасын жана өзүнүн инфраструктурасын чектелген жана көзөмөлдөнгөн шартта пилоттук тестирлөөнү ишке киргизүүгө даярдоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

**Пилоттук тестирлөөгө** кийинкилердин **катышуусу пландалууда:**

**• пилоттук коммерциялык банктар** — P2P, G2C жана B2B сценарийлери боюнча;

• **мамлекеттик органдар** — айрым мамлекеттик төлөмдөрдү жана социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү бөлүгүндө;

• пилоттук сценарийлерге тартылган **колдонуучулардын чектелген тобу.**

Пилоттук долбоор калктын кеңири катмарын **массалык түрдө** кошууну көздөбөйт. Анын **негизги максаты** — технологиялык, операциялык жана укуктук чечимдерди текшерүү, ошондой эле санарип сомду чыныгы, бирок чектелген сценарийлерде колдонуудагы ыңгайлуулугун жана коопсуздугун **баалоо болуп саналат.**

### **Санарип сом өлкө ичинде гана колдонулабы же эл аралык төлөмдөргө да багытталабы?**

> Баштапкы этапта санарип сом **КРнын аймагында** накталай жана накталай эмес акчалар менен катар улуттук валютанын үчүнчү формасы катары **колдонулушу каралууда**.

> Санарип сомду **трансчек аралык колдонуу** маселелери өзүнчө эл аралык изилдөөлөрдүн жана **пилоттук долбоорлордун предмети** болуп саналат. Бул иштер башка улуттук банктар жана CBDC киргизип жаткан өлкөлөр менен координацияда жүргүзүлүүдө.

> Санарип сомду трансчек аралык колдонуу мүмкүнчүлүгү **кийинки этаптарда**, эл аралык стандарттарды, тобокелдиктерди баалоону жана Улуттук банктардын ортосундагы макулдашууларды эске алуу менен каралышы мүмкүн.

### **Санарип сомду чыгаруу зарылдыгы эмнеден улам келип чыкты жана анын артыкчылыктары эмнеде?**

> Санарип сом долбоору улуттук төлөм инфраструктурасын этап-этабы менен өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылып, анын туруктуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Санарип сомдун **негизги артыкчылыктары** \- калк, бизнес, финансылык рынок жана мамлекет үчүн зарыл.

| **Калк жана бизнес үчүн** | \-Интернетке туташпастан, оффлайн режиминде өлкө боюнча төлөмдөрдү, которууларды жүргүзүү. Каражаттардын жогорку деңгээлде сакталышы. \-Коммерциялык банктардын финансылык абалынан көз каранды болбойт; \-Финансылык рынокто атаандаштыктын күч алышынан инновациялык сервистердин өнүгүшү, тейлөөнүн сапатынын жогорулашы; \-Уникалдуу санарип идентификаторлорду жана ырастоо каражаттарын колдонуу менен операциялардын коопсуздугу |
| ------------------------- | --------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- |
| **Финансылык рынок үчүн** | \-Платформага тең жеткиликтүүлүк аркылуу рыноктогу катышуучулар ортосунда атаандаштыкты күчөйт; \-Максаттуу төлөмдөрдү жана автоматташтыруу элементтерин камтыган жаңы сервистерди иштеп чыгууга шарт түзөт; \-Төлөм инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө жана модернизациялоого өбөлгө түзөт.                                                                                                                                      |
| **Мамлекет үчүн**         | \-Бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүү; \-Мамлекеттик төлөмдөрдү башкаруудагы чыгымдарды автоматташтыруу аркылуу азайтуу; \-Келечекте башка өлкөлөрдүн борбордук банктарынын санарип валюталарынын платформалары менен трансчек аралык эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүү                                                                                                                                       |

*Мындан сырткары Улуттук банктан, санарип сом колдонулуп жаткан акчалардын түрлөрүн алмаштырбай турганын, ал эми анын практикалык артыкчылыктары жана колдонуу масштабдары пилоттук долбоордун жыйынтыктары боюнча аныктала тургандыгын белгилешти.*