> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда эки акча алмаштыруу жайына айып пул салынды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/02/17/zhalal-abadda-eki-akcha-almashtyruu-zhaiyna-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-02-17T08:19:07.000Z
- Updated: 2026-02-17T08:19:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Банктар

**Жалал-Абаддагы акча алмаштыруу бюролорунун мыйзам бузганы аныкталып, ар бирине 55 000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.** 

> Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад облусттук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен, мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн Жалал-Абаддагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Бул чара банктардын жана алмашуу пункттарынын мыйзамга ылайык иш алып баруусун камсыздоо максатында кабыл алынган.