> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Банк тармагына элдин ишеними артып, банкта акча кармоо өсүп жатат
- URL: https://im.kg/banktar/2026/02/24/bank-tarmaghyna-eldin-ishienimi-artyp-bankta-akcha-karmoo-osup-zhatat/
- Published: 2026-02-24T07:30:08.000Z
- Updated: 2026-02-24T07:30:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын банк сектору туруктуулукту көрсөтүп жатат. Банктардын депозиттик базасынын көлөмү 2025-жылы 46,2 %га же 865,9 млрд сомго чейин өсүп, банк системасына болгон калктын ишенимин көрсөтүп, элдин акча топтоо аракетинин күчөшүн чагылдырууда. Мындай маалыматты Улуттук банктан билдиришти.**

Улуттук банктын төрагасы Азат Козубековдун айтымында, коммерциялык банктардын **кредит портфели** **2025-жылы** 48,8 пайызга көбөйүп, экономиканын реалдуу секторунун жигердүүлүгүн чагылдыруу менен **507,0 млрд сомду түзгөн.** 

> *“Көбүнчө кредиттик тармактар соода-сатык, кызмат көрсөтүү, айыл-чарбасы жана керектөө кредиттери бойдон калууда. Ошондой эле депозиттик портфель да өзүнүн өсүшүн көрсөтүп жатат. *2025-жылдын жыйынтыгы* боюнча *879 млрд сомго барабар* болду жана анын *басымдуу бөлүгү кыргыз сомундагы депозиттер*” – деди төраганын орун басары.*

Мындан сырткары Улуттук банктын өкүлү **эл аралык камдын көлөмү** бүгүнкү күндө **10 млрд** АКШ долларынын тегерегинде сакталып тургандыгын жана анын көлөмүнүн өсүшү көбүнчө **алтындын баасына көз каранды** экендигин билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык резервдердин деңгээли боюнча **рекорддук болуп саналат.**