> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк валюта рыногуна ири интервенция менен чыкты
- URL: https://im.kg/banktar/2026/02/27/uluttuk-bank-valiuta-rynoghuna-iri-intiervientsiia-mienien-chykty/
- Published: 2026-02-27T03:02:41.000Z
- Updated: 2026-02-27T03:02:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**26-февралда Улуттук банк 2026-жылдагы эң ири валюталык интервенциясын жүргүзүп, сомдун алмашуу курсун турукташтыруу үчүн рынокто 162,55 млн $ сатты.**

Улуттук банктын расмий маалыматына ылайык, бул сумманын негизги бөлүгү — 131,7 млн $ бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен сатылган. Мындан сырткары 30,85 млн $ бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен сатылды.

Жыл башынан берки Улуттук банк тарабынан жасалган интервенциялардын ичинен бул эң ириси болуп саналат. Эки айдын ичинде Улуттук банк жалпысынан 406,55 миллион долларга үч жолу интервенция жүргүздү. 19-январда 134,05 млн $, ал эми 6-февралда 109,95 млн $ сатылган.