> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк 3 акча алмаштыруучу жайга айып пул салды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/03/12/uluttuk-bank-3-akcha-almashtyruuchu-zhaigha-aiyp-pul-saldy/
- Published: 2026-03-12T04:18:33.000Z
- Updated: 2026-03-12T04:18:32.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Банктар

**Улуттук банк мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек жана Кант шаарларындагы 3 алмашуу бюросуна айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросуна жана Кант шаарындагы бир алмашуу бюросуна административдик чара колдонулду.

> Текшерүүнүн жыйынтыгында ар бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.