> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/03/13/aiyl-bank-atalyshyn-ozghortup-abank-bolup-kaira-kattaldy/
- Published: 2026-03-13T05:08:17.000Z
- Updated: 2026-03-13T08:44:11.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Банктар

**Кечээ Улуттук банк тарабынан "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу банктын лицензиялары алмаштырылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.** 

Улуттук банктын маалыматына ылайык, банктын толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары өзгөртүлдү.

Ага ылайык:

- мамлекеттик тилдеги толук аталышы — "АБанк" ачык акционердик коому;
- мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы — "АБанк" ААК;
- расмий тилдөгү толук аталышы — Открытое акционерное общество "АБанк";
- расмий тилдөгү кыскартылган аталышы — ОАО "АБанк";
- англис тилдеги толук аталышы — The open joint-stock company "ABank";
- англис тилдеги кыскартылган аталышы — OJSC "ABank".

> Фирмалык аталыштын өзгөрүшүнө байланыштуу Улуттук банк тарабынан банкка тиешелүү лицензиялар жаңы аталышка ылайык кайрадан берилди.