> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы эки коммерциялык банкка айып пул салынды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/03/17/kyrghyzstandaghy-eki-kommiertsiialyk-bankka-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-03-17T11:27:57.000Z
- Updated: 2026-03-17T11:27:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки коммерциялык банкка Улуттук банк тарабынан атайын чара колдонулду.**

Улуттук банк тараткан расмий маалыматка караганда, **ар бир коммерциялык банкка 55 000 сом** өлчөмүндө айып пул салынды. Бирок, маселе кайсыл коммерциялык банк жана кандай мыйзам талаптарын бузгандыгы тууралуу болуп жаткандыгы ачыкталган жок.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын аймагында **24 коммерциялык банк** жана алардын филиалдары ишмердүүлүк жүргүзүшөт.

💡

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**