> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган
- URL: https://im.kg/banktar/2026/03/19/2025-zhyldyn-iv-chieirieghindie-tolom-sistiemalarynda-95-muchulushtuk-kattalghan/
- Published: 2026-03-19T05:23:32.000Z
- Updated: 2026-03-19T05:23:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргызстанда 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде төлөм системаларынын ишинде 95 штаттан тышкаркы жагдай катталган. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын талдоосунда айтылат**.

Маалыматка ылайык, мындай үзгүлтүккө учуроонун **негизги себептери** ар түрдүү болгон. Анын ичинен **кызмат көрсөтүүчүлөргө байланышкан көйгөйлөр 42,11%ды** түзсө, **электр энергиясынын өчүшү 35,79%** түзгөн. Аппараттык-программалык **жабдуулардагы мүчүлүштүктөр 16,84%**, ал эми **байланыш каналдарындагы үзгүлтүккө учуроо 5,26%ды** түзгөн. Ошол эле учурда **Улуттук банк** бул жагдайлар олуттуу **финансылык жоготууларга алып келбегенин** жана рыноктун башка катышуучуларына таасир этпегенин белгилейт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/---------------------------126--1.png)

Мындан тышкары, **SWIFT сервис-бюросунун иши** туруктуу болуп, анын жеткиликтүүлүк **деңгээли 100%ды** түзүп, операциялык тобокелдиктер минималдуу деңгээлде сакталган.

Ал эми төлөм карталары боюнча **санкциясыз операциялар катталгандыгы маалымдалууда**. Улуттук банктын билдирүүсүнө ылайык, **VISA** карталары - **591**, **Mastercard** \- **61** жана **«Элкарт»** карталары - **50** мыйзамсыз операция жүргүзүлгөн. **Жалпы суммасы 29 млн** сомдун тегерегинде бааланган. 

| Санкциясыз ишке ашырылган | 2025-ж.IV чейрек (саны) | 2025-ж.IV чейрек (көлөмү, сом) |
| ------------------------- | ----------------------- | ------------------------------ |
| **Бардыгы**               | **702**                 | **28 962 860,36**              |
| Visa боюнча               | 591                     | 25 403 235,04                  |
| MasterCard боюнча         | 61                      | 2 176 640,97                   |
| Элкарт боюнча             | 50                      | 1 382 984,35                   |

Мындан сырткары, **чет өлкөлүк банктардын карталарын** колдонуу менен **13 санкциясыз операция** катталып, алардын суммасы **383,7 миң сомду** түзгөн.

💡

***Санкциясыз ишке ашырылган операциялар аныкталган учурда, карта ээлери финансылык тобокелдиктерге дуушарлануусун азайтуу максатында банктар төлөм системаларынын эрежелерине ылайык доо арызы боюнча иш-аракеттерди жүргүзүшкөн.**