> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү
- URL: https://im.kg/banktar/2026/04/03/abank-aghroonduruuchulordu-koldoogho-500-mln-som-boldu/
- Published: 2026-04-03T13:35:51.000Z
- Updated: 2026-04-03T13:35:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Банктар, Коом

**"АБанк" ААКы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кооперативдерди жана агробизнести колдоого багытталган "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо – 2" (ФОТП–2) программасын ишке киргизди. Бул максатта 500 млн сом каражат бөлүндү.**

Жаңы продукт айыл чарба кооперативдерине, акционердик коомдорго жана ЖЧКларга багытталган. Программа үч негизги багытты камтыйт: мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү.

Каржылоо мал чарбачылыгында — мал багуу, канаттуулар, аарычылык жана балык чарбачылыгын өнүктүрүүгө, өсүмдүк өстүрүүдө — үрөн, жер семирткич, өсүмдүктү коргоо каражаттарын жана күйүүчү майларды сатып алууга берилет. Ошондой эле тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары, күнөскана долбоорлору сыяктуу технологиялык чечимдер колдоого алынат.

> Программанын алкагында каржылоо суммасы 25 млн сомго чейин, ал эми технологиялык долбоорлор үчүн 50 млн сомго чейин каралган. Пайыздык чен жылдык 6% түзүп, мөөнөтү 60 айга чейин берилет. Жеңилдетилген мезгил пайыздар боюнча 3 айга чейин, негизги карыз боюнча 6 айга чейин каралган.

Банктын маалыматына ылайык, программа агрардык сектордо кооперацияны өнүктүрүүгө, инвестицияларды көбөйтүүгө жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Толук маалыматты банктын бөлүмдөрүнөн же [расмий сайтынан](https://abank.kg/ky) алууга болот.