> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 254 миңден ашуун жаран өзүнө-өзү кредит алууга тыюу салды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/04/17/kyrgyzstanda-254-minden-ashuun-zharan-ozuno-ozu-kredit-aluuga-tyiuu-saldy/
- Published: 2026-04-17T09:28:08.000Z
- Updated: 2026-04-17T09:28:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 17-апрелине чейинки мезгил аралыгында 254 190 адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштетти. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты.**

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан тартып кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу механизми иштей баштаган. Бул чара жарандарды шылуундардан коргонуп, керексиз карыздардан сактануусу үчүн киргизилген.

[**Өзүнө-өзү тыюу салуу*](https://www.facebook.com/kyrgyzbank1992/videos/1033150352221413/) *– бул, жарандын өз эрки боюнча жана акысыз негизде финансы-кредит уюмдардан кредит алып, тариздөө мүмкүнчүлүгүн алдын ала чектөө кызматы болуп саналат.*