> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жүгүртүүдөгү нак акчанын көлөмү 280 млрд сомдон ашты
- URL: https://im.kg/banktar/2026/04/27/kyrgyzstanda-zhugurtuudogu-nak-akchanyn-kolomu-280-mlrd-somdon-ashty/
- Published: 2026-04-27T08:45:15.000Z
- Updated: 2026-04-27T08:45:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргыз Республикасында жүгүртүүдөгү нак акчанын жалпы көлөмү 280 млрд 131,5 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,6 млрд сомго же 15,3%га көбөйгөндүгүн Улуттук банктан кабарлашты.** 

Анын ичинен **26,9 млрд сом** коммерциялык банктардын кассаларында сакталса, негизги бөлүгү — **253,1 млрд сом** — банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө колдонулуп жатат. 

> 2026-жылдын биринчи чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республика боюнча **жалпы 1 трлн 383 млрд** сомдон ашык каражат түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 13%га көптүк кылат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/img--20-.jpg)

 Коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын түшүүсү 

 Ошол эле учурда коммерциялык банктар аркылуу кардарларга берилген нак акчанын көлөмү **1 трлн 378 млрд** сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 11%га өскөн.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/img--21-.jpg)

Коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчанын берилиши 

Ал эми аталган мезгил аралыгында коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын **кайтарымдуулугу 100,4% түзүп**, өткөн жылга салыштырмалуу 1,8 пайыздык пунктка жогорулаган. Бул көрсөткүчтөр өлкөдө нак акча жүгүртүүнүн активдүүлүгү жогорулап жатканын жана экономикалык операциялардын көлөмү өсүп жатканынын белгиси деп, Улуттук банктан билдиришти.