> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл 3 айда ИДП 10,1%га, эмгек акы 5,6%га өстү – А.Козубеков
- URL: https://im.kg/banktar/2026/04/28/byiyl-3-aida-idp-10-1-ga-emgek-aky-5-6-ga-ostu-a-kozubekov/
- Published: 2026-04-28T07:44:38.000Z
- Updated: 2026-04-28T07:44:38.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Банктар, Экономика

**Өлкөбүздө экономикалык жигердүүлүк жетишээрлик жогорку деңгээлде сакталып жатканын бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.**

Анын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Ички дүң продукция (ИДП) 10,1%га өскөн.

"Өсүш экономиканын бардык секторлорунда байкалууда. Ошондой эле экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү ички суроо-талаптын жогорулугу жана калктын реалдуу кирешесинин көбөйүшү менен колдоого алынууда. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын эки айында реалдуу эмгек акы 5,6%га өстү", – деп баса белгиледи ал.