> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Элкарт” улуттук төлөм системасы эл аралык рынокто өнөктөштүгүн кеңейтүүдө
- URL: https://im.kg/banktar/2026/04/30/elkart-uluttuk-tolom-sistemasy-el-aralyk-rynokto-onoktoshtugun-keneituudo/
- Published: 2026-04-30T12:40:18.000Z
- Updated: 2026-04-30T12:40:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**“Элкарт” улуттук төлөм системасынын төрагасы Алтымыш Туратбеков Куала-Лумпурда өткөн MoMents 2026 эл аралык форумуна катышууда. Иш-чара Ant International тарабынан уюштурулуп, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук төлөм системасын дүйнөлүк рынокко илгерилетүүгө багытталган.**

"Элкарт" УТСнын маалымат казымтанан кабарлагандай, форумдун алкагында бир катар жолугушуулар өтүп, негизги көңүл өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө бурулду.

> *Маанилүү жыйынтыктардын бири — Alipay+ платформасы менен интеграция ийгиликтүү аяктаганы болду. Учурда система тесттик режимде иштеп, алгачкы транзакциялар жүргүзүлдү. Долбоор жакын арада колдонуучуларга сунушталат.*

Ошондой эле UnionPay International компаниясы менен биргелешкен карталык долбоор талкууланып, Пакистан жана Бангладеш компаниялары менен акча которууларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

MoMents форуму дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн банктарды жана финтех-компанияларды бириктирип, тажрыйба алмашуу жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/---5.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/---2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--.jpg)