> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми Кыргызстандан 60тан ашык өлкөдө QR аркылуу төлөм жүргүзүүгө болот
- URL: https://im.kg/banktar/2026/05/25/emi-kyrgyzstandan-60tan-ashyk-olkodo-qr-arkyluu-tolom-zhurguzuugo-bolot/
- Published: 2026-05-25T08:22:05.000Z
- Updated: 2026-05-25T08:22:05.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Банктар

**"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК ("Элкарт") Alipay+ менен биргеликте Кыргызстандагы колдонуучулар үчүн эл аралык QR-төлөмдөрдүн ишке киргизилгенин билдирди.**

Жаңы кызматтын алкагында "Элкарт Мобайл" тиркемесинин колдонуучулары дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө жана региондорунда товарлар менен кызматтар үчүн QR-код аркылуу төлөм жүргүзө алышат.

Долбоор өлкө жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан санариптик төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү, чек ара аралык төлөмдөрдү жеңилдетүү жана заманбап финансылык кызматтарды жайылтуу багытында ишке ашырылды.

> Эми колдонуучулар чет өлкөлөрдө сатып алуулар үчүн төлөмдү көнүмүш ыкма менен — "Элкарт Мобайл" тиркемеси аркылуу QR-кодду сканерлөө аркылуу жүргүзө алышат. Төлөмдөр тез, коопсуз жана кошумча сервистерди кошууну талап кылбайт.

"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК маалыматына ылайык, жаңы сервис жарандарга чет өлкөдө саякаттоо, билим алуу, иштөө жана соода жүргүзүүдө ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Белгилей кетсек, Alipay+ — дүйнөдөгү алдыңкы электрондук капчыктарды жана төлөм платформаларын бириктирген эл аралык санарип төлөм системасы. Учурда платформа дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө жеткиликтүү.