> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Микрокредиттердин негизги бөлүгү керектөө насыяларына туура келет
- URL: https://im.kg/banktar/2026/06/11/mikrokreditterdin-negizgi-bolugu-kerektoo-nasyialaryna-tuura-kelet/
- Published: 2026-06-11T05:55:00.000Z
- Updated: 2026-06-11T05:54:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар, Экономика

**Кыргызстанда микрофинансы уюмдары тарабынан берилген насыялардын көлөмү өсүүнү улантууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгында микрофинансы уюмдарынын кредиттик портфели 23 млрд 397,2 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилиндеги 18 млрд 923,9 млн сомго салыштырмалуу 4,47 млрд сомго же 23,6 % көп.**

> **Насыялардын эң ири бөлүгү** мурдагыдай эле **керектөө кредиттерине** туура келүүдө. 2026-жылдын биринчи кварталында бул багытта 14 млрд 654,1 млн сом насыя берилген. 205-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 11 млрд 555,1 млн сом болгон. Натыйжада керектөө насыялары **бир жыл ичинде** дээрлик **3,1 млрд сомго көбөйгөн**.

**Айыл чарба тармагы** микрокаржылоонун негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Бул секторго берилген насыялардын көлөмү 3 млрд 159,2 млн сомдон 3 млрд 748,7 млн сомго чейин өскөн.

> **Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө** бөлүнгөн каражат дагы көбөйүп, 1 млрд 814 млн сомдон 2 млрд 45,6 млн сомго жеткен. Ошол эле учурда **транспорт тармагына** берилген насыялар дээрлик эки эсеге көбөйүп, 204,3 млн сомдон 384,8 млн сомго чыккан.

Ал эми **соода** **тармагындагы** кредиттөөнүн көлөмү тескерисинче азайып, 1 млрд 211,8 млн сомдон 1 млрд 4,1 млн сомго чейин төмөндөгөн. Курулуш жана ипотекалык насыялар дагы кыскарып, 664 млн сомдон 593,3 млн сомду түзгөн.

Жалпысынан алганда, маалыматтар микрофинансы уюмдарынын **кредиттик портфели өсүп** жатканын жана калк тарабынан к**еректөө насыяларына** болгон **суроо-талап жогору** бойдон калып жатканын көрсөтүүдө.

*(млн.сом)*

| **Банк эмес ФКУ насыясы** | **2025-жылы** | **2026-жылы** |
| ------------------------- | ------------- | ------------- |
| Микрофинансы уюмдар       | 18923,9       | 23397,2       |
| Өнөр жайына               | 114,8         | 182,1         |
| Айыл чарбасына            | 3159,2        | 3 748,7       |
| Транспорт                 | 204,3         | 384,8         |
| Байланышка                | 0,0           | 1,8           |
| Соодага                   | 1211,8        | 1 004,1       |
| кайра иштетүүчү ишкана    | 2,7           | 10,6          |
| Курулушка/ипотекага       | 664,0         | 593,3         |
| Керектөө кредиттери       | 11555,1       | 14 654,1      |
| Кызмат көрсөтүүлөргө      | 1814,0        | 2 045,6       |