> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алтын куймалардын баасы арзандап жатат
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/10/altyn-kuimalardyn-baasy-arzandap-zhatat/
- Published: 2026-07-10T08:15:36.000Z
- Updated: 2026-07-10T08:15:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын Улуттук банкынын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы акыркы күндөрү төмөндөй баштаганы байкалууда. Башкы финансылык жөнгө салуучунун расмий сайтындагы маалыматтарга таянсак, алтын куймалардын баасы 2026-жылдын 30-январында рекорддук өсүшкө ээ болуп, 100гр алтындын өлчөнгөн куймасы 1 572 177.50 сомдон сатылган.**

Белгилей кетсек, мындан **1 ай мурда**, 10-июнда Улуттук банктын алтын куймасынын **100 гр** \- **1 260 187.50** сом турса, **бүгүн - 1 202 971** сомдон сатылып жатат. Ал эми мындан **1 жыл мурда** 100гр алтын куйманын сатуу баасы кыйла төмөн болуп, **959 552.50** сомдон гана бааланган. 

Салыштыруу үчүн **бүгүнкү, 1 ай** жана **1 жыл мурдагы** Улуттук банктын **1 жана 100 граммдык алтын** куймаларынын сатып алуу жана сатуу **баасын кароого сунуштайбыз.**

| **Датасы** | **өлчөмү** | **Сатып алуу** | **Сатуу баасы** |
| ---------- | ---------- | -------------- | --------------- |
| 10.07.2026 | 1 гр       | 12 979         | 13 718          |
| 10.07.2026 | 100 гр     | 1 167 933      | 1 202 971       |
| 10.06.2026 | 1 гр       | 13 531.50      | 14 106.50       |
| 10.06.2026 | 100 гр     | 1 223 483.00   | 1 260 187.50    |
| 10.07.2025 | 1 гр       | 10 656.50      | 10 709.50       |
| 10.07.2025 | 100 гр     | 931 604.50     | 959 552.50      |

---

Улуттук банктын алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу баасы күн сайын улуттук валюта - сом менен белгиленет. Анын баасы баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын мурунку жумуш күнүндөгү кечки фиксингинин негизинде аныкталып, КРУБ расмий сайтында жарыяланат.