> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# BAKAI жана Яндекс Go кешбэк жана арзандатууларды белек кылат: бул жайда такси менен кантип үнөмдүү жүрүүгө болот
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/13/bakai-zhana-iandeks-go-keshbek-zhana-arzandatuulardy-belek-kylat-bul-zhaida-taksi-menen-kantip-unomduu-zhuruugo-bolot/
- Published: 2026-07-13T12:30:22.000Z
- Updated: 2026-07-14T06:41:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**BAKAI банкы Яндекс Go менен биргеликте банк кардарлары үчүн жаңы акцияны ишке киргизди.**

Яндекс Go тиркемесине [BAKAI](https://go.bakai.kg/) картасын байлап, аны менен төлөм жүргүзгөн бардык карта ээлери активдүүлүгүнө жараша такси сапарларынан 15% чейин арзандатуу ала алышат:

- — Алгачкы 5 сапарга 15% арзандатуу. Бул буга чейин Яндекс Go тиркемесине BAKAI картасын байлабаган жана сапарлар үчүн накталай акча, QR-код же башка банктардын карталары аркылуу төлөп келген колдонуучулар үчүн.
- — Мурда BAKAI картасын Яндекс Go’до колдонуп, бирок акыркы 6 ай ичинде аны менен жол акысына төлөм жүргүзбөгөн колдонуучулар үчүн алгачкы 3 сапарга 5% жеңилдик берилет.

Мындан тышкары, BAKAI картасынын бардык ээлери ар бир сапар үчүн кошумча 3% кешбэк алышат.

Жеңилдик Бишкек, Ош, Манас жана Каракол шаарларындагы "Комфорт" тарифи боюнча колдонулат.

> Эгер сизде азырынча BAKAI картасы жок болсо, анда жеткирүү кызматы менен Visa, Mastercard жана Элкарт+ карталарын тиркеме аркылуу буюртма кылсаңыз болот.

### **Акцияга кантип катышууга болот:**

1. Яндекс Go мобилдик тиркемесине катталыңыз.
2. BAKAI картасын байлап, аны негизги төлөм каражаты катары тандаңыз.
3. Сапарлар үчүн төлөмдү тиркеме аркылуу BAKAI картасы менен жүргүзүңүз.

> *“Бул акция BAKAI кардарларына күнүмдүк сапарларынан үнөмдөөгө жана ошол эле учурда коопсуз санариптик төлөмдөрдүн артыкчылыктарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Бул – кардарлар үчүн ыңгайлуу сервистерди өнүктүрүүгө багытталган стратегиябыздын бир бөлүгү”, – деп белгилешти банк өкүлчүлүгү.*

Акциянын мөөнөтү 2026-жылдын 6-июлунан 6-октябрына чейин - арзандатуулар акциянын толук мөөнөтүндө жана акция аяктагандан кийин дагы 1 ай бою күчүндө болот.Уюштуруучулар акциянын талаптарынын туура аткарылышын көзөмөлдөөгө жана эреже бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүүгө укуктуу.

*\*Арзандатуунун максималдуу өлчөмү чектелген: 15% арзандатуу колдонулганда бир сапар үчүн 50 сомдон, ал эми 5% арзандатуу колдонулганда, бир сапар үчүн 17 сомдон ашпайт.*