> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк төлөм уюмдарына көзөмөлдү күчөтөт
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/13/uluttuk-bank-tolom-uiumdaryna-kozomoldu-kuchotot/
- Published: 2026-07-13T11:43:36.000Z
- Updated: 2026-07-13T11:43:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын Улуттук банкы төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, 2026-жылдын 6-июлунда "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү жөнүндө" токтомду кабыл алды.**

Жаңы нускамага ылайык, Улуттук банк лицензиянын негизинде иш алып барган төлөм системаларынын операторлору менен төлөм уюмдарынын ишин **аралыктан көзөмөлдөө жана инспектордук текшерүүлөр** аркылуу текшерет.

> Мындан тышкары, көзөмөлдүн жүрүшүндө уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде **кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү** боюнча талаптарды сактоосу өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул багыттагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жөнөтүлөт.

Маалыматка таянсак, Улуттук банк **зарыл болгон учурда** төлөм уюмдарынан жана алардын агенттери, субагенттери, электрондук акча кабыл алуучулары, соода-сервистик ишканалары жана башка өнөктөштөрү боюнча **маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу.**

Жаңы тартипте ошондой эле Улуттук **банктын кураторлорунун** жана **инспектордук текшерүү** топторунун ыйгарым **укуктары**, төлөм уюмдары менен **маалымат алмашуу** жана **өз ара иш алып баруу механизмдери** так аныкталган.