> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк бир катар банктардын жетекчилик кызматтарына талапкерлерди жактырды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/14/uluttuk-bank-bir-katar-banktardyn-zhetekchilik-kyzmattaryna-talapkerlerdi-zhaktyrdy/
- Published: 2026-07-14T04:13:15.000Z
- Updated: 2026-07-14T04:13:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 10-июлунда өлкөдөгү бир катар коммерциялык банктардын жетекчилик кызматтарына сунушталган талапкерлерди макулдашты. Атап айтканда:**

\- Компаньон Банкы” ЖАКтын башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары кызматына Бапа уулу Кубанычбектин, ал эми башкарманын төрагасынын орун басары кызматына Мусабаев Данияр Шералиевичтин талапкерлиги жактырылды.

\- “Бай-Түшүм” Банкы ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызматына Сооронбаева Жылдыз Таалайбековнанын талапкерлигине макулдук берилди.

\- “КСБ Коммерциялык Банк” ЖАКта директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызматына Джамансариева Асель Анарбековна, ал эми башкы бухгалтер кызматына Кабылбекова Анара Кабылбековна жактырылды.

\- “ФинансКредитБанк” ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызматына Усенканов Бекзат Бахдаткановичтин талапкерлиги макулдашылды.

\- “Мбанк” ААКтын ички аудит кызматынын начальнигинин орун басары кызматына Турсуналиев Мирбек Табалдиевичтин талапкерлиги жактырылды.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, бардык талапкерлер боюнча макулдук берүү чечими кабыл алынган.