> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк Бишкек шаарындагы төрт акча алмашуу бюросуна карата чара колдонду
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/15/uluttuk-bank-bishkek-shaaryndagy-tort-akcha-almashuu-biurosuna-karata-chara-koldondu/
- Published: 2026-07-15T04:35:47.000Z
- Updated: 2026-07-15T04:35:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын мыйзамдарынын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы төрт акча алмаштыруу бюросуна карата чара колдонду. Улуттук банктын маалыматына караганда, 3 алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сомдон айып пул салынды.**

> Мындан тышкары, дагы бир акча алмаштыруу бюросунун **лицензиясынын аракети** 2026-жылдын 15-июлунан 29-июлуна чейин **убактылуу токтотулду.**

Кыргыз Республикасынын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын 14-июлуна карата абал боюнча реестринде Улуттук банктын расмий лицензиясына ээ болуп, Кыргызстандын аймагында акча алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан, **жалпы 897 алмашуу бюросу** бар. Алардын ичинен **443ү Бишкек шаарында** жайгашкан.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетесиз!**