> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Visa Direct Account бизнес үчүн эл аралык эсептешүүлөрдү жеңилдетет
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/15/visa-direct-account-biznes-uchun-el-aralyk-esepteshuulordu-zhenildetet/
- Published: 2026-07-15T08:00:06.000Z
- Updated: 2026-07-15T08:00:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

[**BAKAI Business**](https://www.bakai.kg/ky/blog/news/visa-direct-account-news-JG2y9o/?utm%5Fsource=economist.kg&utm%5Fmedium=news&utm%5Fcampaign=bakai%5Fbusiness%5Fvisa%5Fdirect&utm%5Fterm=july%5F2026) **— ишкерлер үчүн каржылык кызматтарды, санариптик чечимдерди жана эл аралык төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн бириктирген заманбап экосистема. Анын жардамында компаниялар эсептешүүлөрдү натыйжалуу жүргүзүп, чет өлкөдөгү өнөктөштөр менен кызматташып, ишкерликтин географиясын кеңейте алышат.**

Андагы негизги инструменттердин бири болуп Visa Direct Account саналат. Бул сервис дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү, анын ичинде АКШ, Түркия, Гонконг, Индия жана Европа мамлекеттериндеги банктык эсептерге түз акча которууга шарт түзөт. 

> Сервис толугу менен санариптештирилген, татаал процедураларды талап кылбайт жана эл аралык эсептешүүлөрдү тез, ыңгайлуу жана коопсуз ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаратат. 

**Visa Direct Account’тун бизнес үчүн негизги мүмкүнчүлүктөрү:** 

1\. **Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эсептешүү** — чет өлкөдөгү өнөктөштөр менен товар жана кызматтар үчүн төлөмдү тез жана ыңгайлуу жүргүзүү; 

2\. **Жеткирүүчүлөргө төлөм** – сатып алууларды жөнөкөйлөтүү жана эл аралык төлөмдөрдү ишке ашырууга коротулган убакытты кыскартуу; 

3\. **Логистикалык жана башка эл аралык кызматтарга** төлөм – жеткирип берүү, транспорттук кызматтар жана коштоп жүрүүчү сервистер үчүн эсептерди ачык-айкын жүргүзүү. 

> BAKAI Business ишкерлер бизнести натыйжалуу жүргүзүп, дүйнөнүн бардык бурчундагы өнөктөштөр менен кызматташуусу үчүн заманбап каржылык инструменттерди түзүү менен эл аралык эсептешүү кызматтарын кеңейтүүнү улантат.