> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк валюталык интервенция эмне үчүн жүргүзүлүп жатканын  түшүндүрдү
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/17/uluttuk-bank-valiutalyk-interventsiia-emne-uchun-zhurguzulup-zhatkanyn-tushundurdu/
- Published: 2026-07-17T06:20:08.000Z
- Updated: 2026-07-17T06:20:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы валюталык интервенциялар сомдун курсун жасалма түрдө кармап туруу үчүн эмес, ички валюта рыногундагы суроо-талап менен сунуштун убактылуу тең салмаксыздыгын жөнгө салуу үчүн жүргүзүлөрүн билдирди.**

Маалыматка ылайык, өлкөдө өзгөрүлмө алмашуу курсу колдонулат жана сомдун курсу рыноктогу суроо-талап менен сунуштун негизинде аныкталат. Улуттук банк чет өлкө валютасына суроо-талап кескин өсүп, сунуш жетишсиз болуп калган учурда гана рынокко кийлигишет.

> Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, валюталык **интервенциялардын көлөмүнүн өсүшү** экономикадагы оң тенденция болуп түшүндүрүлөт. Акыркы **төрт жылда** Кыргызстандын ички дүң продукциясы 7**82,9 млрд сомдон 1,98 трлн сомго чейин өсүп**, тышкы соода, импорт жана инвестициялык долбоорлор кеңейген. Натыйжада бизнес тарабынан чет өлкө валютасына болгон суроо-талап да көбөйгөн.

 Өзгөчө курулуш тармагындагы активдүүлүк жана ири инфраструктуралык долбоорлор жай мезгилинде импорттук жабдууларды жана курулуш материалдарын сатып алууга байланыштуу валютага болгон муктаждыкты арттырып жатканы белгиленди.

> **2025-жылы** Улуттук банк ички рынокко **853 млн $** сатса, **2026-жылдын башынан 16-июлга чейин** валюталык интервенциялардын көлөмү **1 млрд 472,6 млн $** жеткен. Бул каражаттар ички рынокто чет өлкө валютасын сунуштоо көлөмүнүн убактылуу жетишсиздигин жөнгө салууга багытталган.

Ошол эле учурда Улуттук банк бул көрсөткүчтү өлкөнүн **эл аралык резервдери менен салыштыруу керектигин белгилейт**. Эгерде **2021-жылы** таза валюталык сатуу резервдердин **24,4%ын**, **2023-жылы 25,6%ын** түзсө, **учурда** бул көрсөткүч болжол менен **17%** деңгээлинде.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/img--33-.jpg)

****Улуттук банктын валюталык интервенцияларынын ар айлык динамикасы, алтын-валюта резервдерине карата пайыздарда**