> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Банктар үчүн маалыматтык коопсуздуктун бирдиктүү стандарты киргизилет
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/21/banktar-uchun-maalymattyk-koopsuzduktun-birdiktuu-standarty-kirgizilet/
- Published: 2026-07-21T07:45:39.000Z
- Updated: 2026-07-21T07:45:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банк банктарды маалыматтык коопсуздук боюнча ISO/IEC 27001 эл аралык стандартынын негизинде сертификаттан өтүүгө милдеттендирген жаңы талаптарды иштеп чыгууда. Бул тууралуу CYBERFINANCE 2026 форумунда Улуттук банктын Киберкоопсуздук жана маалыматтык коргоо башкармалыгынын башчысы Азамат Карабаев билдирди.**

> Анын айтымында, учурда **ар бир банк** өз алдынча коргонуу системасын колдонгону менен, **алардын инфраструктурасы жалпы** болгондуктан, **бир банктын алсыз корголушу** бүтүндөй **банк тутумуна коркунуч жаратышы мүмкүн.**

Биргелешкен **ISO/IEC 27001 стандарты** маалыматтык тобокелдиктерди баалоо, кардарлардын **маалыматтарын коргоо**, киберчабуулдарга жана техникалык **мүчүлүштүктөргө ыкчам жооп кайтаруу**, ошондой эле маалыматка жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү талаптарды белгилейт. **Азыркы учурда банктар** бул стандарттын талаптарынын **50–70%ын** аткарып жатышат.

Долбоор коомдук талкууга чыгарылган. **Сертификация** бир нече **этап менен жүргүзүлөт:** банктын учурдагы абалын талдоо, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана көз карандысыз аудиттен өтүү. Долбоорду ишке ашыруу **2027-жылы** башталат.