> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк - кредиттик тарыхты сактоонун мөөнөтүн кыскартты
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/21/uluttuk-bank-kredittik-tarykhty-saktoonun-moonotun-kyskartty/
- Published: 2026-07-21T09:55:57.000Z
- Updated: 2026-07-21T09:55:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банктын башкармасы кредиттик бюролордун иштөө эрежелерине өзгөртүү киргизип, карыз алуучулардын милдеттемелери тууралуу маалыматтарды сактоо мөөнөтүн кыскартты.** 

Тиешелүү токтом 2016-жылдагы “Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында 15-июлда кабыл алынды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, жаңы тартип боюнча, эми:

\- **оң кредиттик тарых** акыркы өзгөртүү киргизилген күндөн тартып **5 жылга** сакталат;  
\-   **терс кредиттик** тарых **2 жылга** чейин сакталат;  
\- **30 миң сомго чейинки** насыя боюнча терс **1 жыл** гана **сакталат.** 

Белгиленген **мөөнөтү өтүп кеткен маалыматтар** мындан ары кредиттик **тарыхка киргизилбейт**.

Ошондой эле **жоюлуп кеткен кредиторлордон** алынган маалыматтар акыркы жаңыртылган күндөн тартып **2 жылдан кийин,** кредиттик тарыхка **кошулбайт.**

> *Мындан тышкары, эгерде насыя боюнча *90 күндөн ашык мөөнөт өтүп* кеткен карыз *өзгөчө кырдаал* же өзгөчө *абалдан улам жаралган болсо,* карыз алуучу *арыз берүү аркылуу* бул маалыматты *терс кредиттик тарыхтан алып салуу укугуна ээ* болот.*

Улуттук банктын токтому расмий жарыялангандан кийин 7 күндөн соң күчүнө кирет.