> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө мыйзамсыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/27/ysyk-koldo-myizamsyz-valiuta-almashtyrgan-eki-zharanga-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-07-27T11:37:58.000Z
- Updated: 2026-07-27T11:37:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиясы жок нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн эки жаранга айып пул салды.**

> Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиргендей, Кыргызстандын жарандары К.Э.Т. жана Н.Н.Р. мыйзамсыз валюта алмаштыруу ишин жүргүзгөндүгү аныкталган. Анын негизинде ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

 Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 24-июлуна карата өлкөдө лицензиянын негизинде иш алып барган 897 алмашуу бюросу бар. Чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө ушул расмий лицензияланган алмашуу бюролору гана укуктуу.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**