> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# BAKAI Travel'да отелдерди брондоо кызматы ишке кирди — эми ар бир сапар үчүн 10% кешбэк кайтарылат
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/29/bakai-travelda-otelderdi-brondoo-kyzmaty-ishke-kirdi-emi-ar-bir-sapar-uchun-10-keshbek-kaitarylat/
- Published: 2026-07-29T04:00:07.000Z
- Updated: 2026-07-29T04:00:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**BAKAI мобилдик тиркемесиндеги BAKAI Travel сервисинде жаңы "Отелдер" бөлүмү ачылды.**

 Эми саякат үчүн керектүүнүн баарын бир жерден таап, отелиңизди бир нече мүнөттө эле ээлеп коюуга болот.

> Жаңы сервистин ачылышы менен бирге BAKAI саякатчылар үчүн атайын сунуш даярдады. Ар бир брондоо үчүн колдонуучуларга 10% кешбэк накталай акча түрүндө кайтарылат.

### Сизди эмне күтөт?

• Кыргызстан боюнча 400дөн ашык жайгашуу варианты;

• Дүйнө жүзү боюнча 3,5 миллиондон ашык жайгашуу жайы;

• BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу түз, тез жана оңой брондоо;

• Ысык-Көлдөгү жана тоолордогу чакан үйлөрдөн тартып, Европадагы деңиз жээгиндеги курортторго чейин.

> Маанилүү: акция 2026-жылдын 31-августуна чейин иштейт. Ар бир календардык айда бир колдонуучу 10 000 сомго чейин кешбэк ала алат.

Канчалык көп саякаттасаңыз, эсебиңизге ошончолук көп акча кайтарылат!

### Кантип ээлеп коюу керек?

BAKAI → Сервистер → BAKAI Travel → Отелдер

Отелиңизди азыр эле брондоңуз! 

"Отелдер" бөлүмү жана кешбэк акциясы BAKAI мобилдик тиркемесинин бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.