> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзамсыз акча алмаштырган 2 жаран жоопко тартылды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/29/myizamsyz-akcha-almashtyrgan-2-zharan-zhoopko-tartyldy/
- Published: 2026-07-29T11:35:59.000Z
- Updated: 2026-07-29T11:35:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын Улуттук банкынын лицензиясы жок, Ысык-Көл өрөөнүндө нак чет өлкө валютасын алмаштырып жүргөн 2 жаранга карата Улуттук банк чара колдонду.**

> Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, **К.Ж.Р.** жана **К.Д.К**.аттуу жарандар акча алмашуу операцияларын жүргүзүү менен алектенип жатышкан. Алардын бул **мыйзамсыз ишмердүүлүгү** Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан **аныкталып**, аталган жарандардын ар бирине **17 500 сом** өлчөмүндө **айып пул салынды.**

Белгелей кетсек, **акча алмаштыруу операцияларын** Улуттук банктан атайын **лицензия алган жайлар** же банктар гана **жүргүзө алышат.** **2026-жылдын 28-июлуна** карата Улуттук банктын ресстринде **Кыргызстан боюнча** лицензияга ээ болуп, ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан **896** акча алмаштыруучу **жай бар.**

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**