> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги 4 акча алмыштыруу бюросунун лицензияларынын аракети токтотулду
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/30/bishkektegi-4-akcha-almyshtyruu-biurosunun-litsenziialarynyn-araketi-toktotuldu/
- Published: 2026-07-30T03:44:28.000Z
- Updated: 2026-07-30T03:44:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2026-жылдын 30-июлунан тартып 13-августуна чейин 4 алмашуу бюролосунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.**

Билдирүүгө караганда, чара колдонулган акча алмашуу бюролонун баары тең Бишкек шаарында жайгашкан. Алар:

- **“Арча Моней”** ЖЧК алмашуу бюросу;
- **“Аника”** Алмаштыруу бюросу” ЖЧКсы;
- **“Гранд Кэш”** ЖЧК алмашуу бюросу:
- **“Престиж Мани А”** ЖЧК алмашуу бюросу.

КРнын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын **28-июлуна карата** абал боюнча реестринде Улуттук банктын расмий лицензиясына ээ болуп, **Кыргызстандын аймагында** акча алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан, жалпы **896 алмашуу бюросу бар**. Алардын ичинен **443ү Бишкек шаарында** жайгашкан.