> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк кредиттик бюролордо маалыматтарды сактоо тартибин өзгөрттү
- URL: https://im.kg/banktar/2026/07/31/uluttuk-bank-kredittik-biurolordo-maalymattardy-saktoo-tartibin-ozgorttu/
- Published: 2026-07-31T09:55:39.000Z
- Updated: 2026-07-31T09:59:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банктын башкармасы кредиттик бюролордун иштөө эрежелерине өзгөртүү киргизип, карыз алуучулардын милдеттенмелери тууралуу маалыматтарды сактоо мөөнөтүн кыскартты.**

Улуттук банктын маалыматына ылайык, жаңы тартип боюнча, эми:

\- **Позитивдүү насыялык маалымат -** **5 жылга** чейин сакталат (7 жыл болгон);

\- **Негативдүү насыялык маалымат- 2 жылга** чейин сакталат (5 жыл болгон);

\- **30 миң сомго чейинки** кредит боюнча насыялык маалымат **1 жыл гана сакталат**;

\- **Жоюлган кредиттик маалымат берүүчү** тарабынан берилген кредиттик маалымат **2 жыл (5 жыл болгон) сакталат.**

 Белгиленген **мөөнөтү өтүп кеткен маалыматтар** мындан ары кредиттик **тарыхка киргизилбейт**.

> *Мындан тышкары, эгерде насыя боюнча *90 күндөн ашык* мөөнөт өтүп кеткен карыз *өзгөчө кырдаал* же өзгөчө абалдан улам *жаралган болсо,* карыз алуучу *арыз берүү аркылуу* бул маалыматты *терс кредиттик тарыхтан алып салуу укугуна ээ* болот.*

---

****Кредиттик тарых** – бул адамдын качан жана кайсы финансылык-кредиттик уюмдардан кредит алганы жана кредиторго канчалык тартиптүү төлөгөндүгү жөнүндө маалымат. 

Мындай маалымат **КРсы боюнча** **2 кредиттик бюродо**: "Ишеним" Насыя Бюросу" ЖАК жана "Сэйф энд Саунд" Насыя бюросу" ЖАК сакталат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/760124788_1705973737192823_6184978561664971836_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/761497305_1588564702623913_7444867433034813160_n.jpg)