> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк төлөм уюмуна 220 миң сом айып салды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/08/04/uluttuk-bank-tolom-uiumuna-220-min-som-aiyp-saldy/
- Published: 2026-08-04T03:49:26.000Z
- Updated: 2026-08-04T03:49:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна 220 миң сом өлчөмүндө айып пул салды.**

> Маалыматка ылайык, айып пул мыйзам талаптары менен Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга байланыштуу колдонулган. Ал эми айып салынган төлөм уюмунун аталышын Улуттук банк ачыктаган жок.

Учурда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде өлкөдө 55 төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму иш алып барат. Алардын бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан.

---

Белгилей кетсек, төлөм уюмдары товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, өткөрүү жана эсептешүү кызматтарын көрсөтсө, төлөм системасынын операторлору төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана катышуучуларга жеткирүү функцияларын аткарат.