> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк 2 алмашуу бюросунун лицензиясын токтотуп, 1 жаранга айып пул салды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/08/07/uluttuk-bank-2-almashuu-biurosunun-litsenziiasyn-toktotup-1-zharanga-aiyp-pul-saldy/
- Published: 2026-08-07T11:22:34.000Z
- Updated: 2026-08-07T11:22:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк валюта рыногундагы айрым оюнчуларга карата тиешелүү чара колдонду.**

> Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Талас облусундагы **эки акча алмаштыруу бюросунун** лицензиясынын аракети **убактылуу токтотулуп,** бир жаранга **айып пул салынды.**

Тагыраагы, Манас районундагы Май айыл аймагында жайгашкан “**Кербен-Алтын булак”** ЖЧКсынын алмашуу бюросунун лицензиясы 2026-жылдын 21-августуна чейин, ал эми Чоң-Капка көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан **“Вариант Кеш”** ЖЧКсынын лицензиясы 13-августка чейин токтотулду.

Мындан сырткары Ошондой эле Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы лицензия жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзүп жаткан **Ж.Н.К аттуу жаранга - 17 миң 500 сом** өлчөмүндө айып пул салгандыгы маалым болду.

Улуттук банк жарандарды чет өлкө валютасын алмаштырууда лицензиясы бар алмашуу бюролорунун кызматынан гана пайдаланууга чакырып, мыйзамсыз валюта алмаштыруу жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

---

**Алмашуу бюросу** \- бул КРнын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырылган нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт болуп саналат. 

**Акча алмашуу ишмердүүлүгү** менен атайын лицензияга ээ болгон юридикалык жактар гана алектене алышат.