> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 3 коммерциялык банктын жооптуу кызматтарында жаңы дайындоолор
- URL: https://im.kg/banktar/2026/08/10/3-kommertsiialyk-banktyn-zhooptuu-kyzmattarynda-zhany-daiyndoolor/
- Published: 2026-08-10T11:38:35.000Z
- Updated: 2026-08-10T11:38:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын Улуттук банкы 6-августта үч коммерциялык банктын жооптуу кызматтарына сунушталган талапкерлерге макулдук берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.**

Билдирүүгө караганда кийинки талапкерлер Улуттук банктын макулдугун алышкан:

- “Азия Банкы” ЖАКтын тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызматына - **Алдаяров Нурлан Нуркулович**;
- “КСБ Коммерциялык Банк” ЖАКтын ички аудит бөлүмүнүн начальниги кызматына - **Джамалидинов Улан Кенешович;**
- “Компаньон Банкы” ЖАКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызматына - **Нуралиева Зарема Маратовна.**

Талапкерлердин бардыгы тиешелүү коммерциялык банктар тарабынан Улуттук банкка сунушталган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**