> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/08/10/osh-shaarynda-myizamsyz-valiuta-almashtyrgan-9-zharanga-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-08-10T13:00:36.000Z
- Updated: 2026-08-10T13:00:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты.**

> Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү **лицензиясы жок** нак чет өлкө валютасы менен **алмашуу операцияларын жүргүзгөнү аныкталган**.

Ушуга байланыштуу Улуттук банк ар бир жаранга - **17 500 сомдон** айып пул салды.

Кыргызстанда нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды мыйзамда белгиленген тартипте **тиешелүү лицензиясы бар алмашуу бюролору гана** жүргүзүүгө укуктуу. Мындай талаптардын негизги максаты — валюта рыногунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын коргоо жана акча алмаштыруу операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу болуп саналат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**