> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги эки алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду
- URL: https://im.kg/banktar/2026/08/11/bishkektegi-eki-almashuu-biurosunun-litsenziia-ubaktyluu-toktotuldu/
- Published: 2026-08-11T12:00:41.000Z
- Updated: 2026-08-11T12:21:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун лицензиялары убактылуу токтотулду.**

> Улуттук банктын маалыматына ылайык, лицензиялар 2026-жылдын **8-августунан 17-августун** кошо алгандагы мезгилге токтотулган. Алар:

 \- **“Золотой динар”** ЖЧКнын алмашуу бюросу  
\- **“Береке КМТ”** ЖЧКнын алмашуу бюросу.

Эске салсак, Кыргызстанда нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын тиешелүү лицензиясы бар алмашуу бюролору жүргүзүүгө тийиш. Улуттук банк валюта рыногундагы мыйзам талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүп келет.

Кыргыз Республикасынын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын **5-августуна карата** реестринде **895** лицензияланган **алмашуу бюросу бар.**

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [**Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,** [**Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)**,** [**Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,** [**Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [**Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**