> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк валюта рыногуна 196,2 млн доллар сатты
- URL: https://im.kg/banktar/2026/08/11/uluttuk-bank-valiuta-rynoguna-196-2-mln-dollar-satty/
- Published: 2026-08-11T06:04:49.000Z
- Updated: 2026-08-11T06:04:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банк 10-августта интервенция жасап, валюта рыногуна 196,2 млн доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.**

> Маалыматка ылайык, 41 млн доллар бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен сатылса, калган 155,2 млн доллар башка күндөгү эсептөөлөр менен сатылган.

Белгиленгендей, бул Улуттук банктын 2026-жылдагы 10-валюталык интервенциясы жана көлөмү боюнча жыл башынан берки экинчи ири валюталык сатуусу. 

> Эске салсак, эң ири интервенция 29-июнда жүргүзүлүп, анда 222,55 млн доллар сатылган. Жалпысынан, 10-августтагы операцияны кошкондо, Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 1,6688 млрд доллар сатты.

Ал эми быйыл АКШ долларын сатып алуу боюнча интервенциялар жүргүзүлө элек.

> Улуттук банктын валюта рыногундагы интервенциялары, анын ичинде чет өлкө валютасын сатуу операциялары, ички рыноктогу суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугун камсыз кылууга жана сомдун кескин серпилүүсүн азайтууга багытталат.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*