> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк 3 акча алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин токтотту
- URL: https://im.kg/banktar/2026/08/14/uluttuk-bank-3-akcha-almashuu-biurosunun-litsenziiasynyn-araketin-toktottu/
- Published: 2026-08-14T07:31:27.000Z
- Updated: 2026-08-14T07:31:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы жана Ысык-Ата районундагы 3 акча алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду.**

> *Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төмөнкү алмашуу бюролорунун ишине убактылуу чектөө киргизилди:*

- Ысык-Ата району (КПП «Ак-Тилек») **“Амантур лтд”** алмашуу бюросу, 2026-жылдын 13-августунан тартып 27-августуна чейин;
- Бишкек шаарындагы **“Инком Эксчейндж”** алмашуу бюросу 2026-жылдын 14-августунан тартып 28-августуна чейин;
- Бишкек шаарындагы **“Салман МК”** алмашуу бюросу, 2026-жылдын 13-августунан тартып 22-августуна чейин.

> *Улуттук банк лицензиялар мыйзам талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында убактылуу токтотулганын белгиледи.*

Улуттук банктын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын 5-августуна карата абалы боюнча реестрине ылайык, Кыргызстанда азыр жалпы **895 акча алмашуу бюросу** ишмердүүлүк жүргүзүп жатат. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**