> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду
- URL: https://im.kg/banktar/2026/09/14/bishkekte-6-akcha-almashuu-biurosunun-litsenziiasy-ubaktyluu-toktotuldu/
- Published: 2026-09-14T12:06:03.000Z
- Updated: 2026-09-14T12:06:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 6 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.**

> Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети 2026-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду:

- “Милан Обмен” ЖЧК;
- “МЭФФ КЭШ” ЖЧК;
- “Престиж Мани А” ЖЧК;
- “Гранд Моней” ЖЧК.

Мындан тышкары, “Кейджи 098” ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясы 12-сентябрдан 16-сентябрды кошо алгандагы мезгилге токтотулду. Ошондой эле «Жетиген и Ко» ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети 12-сентябрдан 26-сентябрды кошо алгандагы мезгилге токтотулду.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**