> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банктын өкүлү Ислам кызматташтык уюмунун борбордук банктарынын жыйынына катышты
- URL: https://im.kg/banktar/2026/09/15/uluttuk-banktyn-okulu-islam-kyzmattashtyk-uiumunun-borborduk-banktarynyn-zhyiynyna-katyshty/
- Published: 2026-09-15T09:25:06.000Z
- Updated: 2026-09-15T09:25:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Ислам кызматташтык уюмунун борбордук банктарынын 8-жыйынына катышты.**

Жыйын 13–14-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында Ислам кызматташтык уюмунун Экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин “OIC-COMCEC Central Banks Forum” алкагында өткөн борбордук банктардын 8-жыйынына катышты.

> Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, иш-чарада азыркы экономикалык шарттардагы акча-кредит саясаты жана эл аралык резервдерди башкаруу стратегиясы талкууланды.

 Козубеков «Геосаясий таасирлер жана макроэкономикалык туруктуулук: дүйнөлүк экономиканын фрагментациялануу шарттарында ИКУга мүчө өлкөлөрдүн борбордук банктарынын акча-кредит саясаты боюнча чаралары» аттуу сессияда сөз сүйлөдү.

Анын жүрүшүндө ал Кыргызстандын Улуттук банкынын инфляцияга түрткү берүүчү тышкы тобокелдиктердин таасирин азайтууга жана улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталган акча-кредит саясаты боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.