> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда банк секторунун активдери 1,4 трлн сомдон ашты
- URL: https://im.kg/banktar/2026/09/17/kyrgyzstanda-bank-sektorunun-aktivderi-1-4-trln-somdon-ashty/
- Published: 2026-09-17T05:54:01.000Z
- Updated: 2026-09-17T06:26:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**31-июлга карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп жаткан. Анын ичинен 6 банк ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптери боюнча кызмат көрсөтөт.** 

> Улуттук банк билдиргендей, банк секторунун жалпы активдери жыл башынан бери **21,9% өсүп**, **1 476,1 млрд сомго** жетти.

Кардарларга берилген кредиттердин көлөмү 22,2% өсүп, **619,3 млрд сомду** түздү. Ал эми депозиттердин жалпы көлөмү 3,9% көбөйүп, **900,2 млрд сомго** жеткен.

Ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү жыл башынан бери 45,1% өсүп, **27,9 млрд сомду** түздү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/5287583716588854063-3.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/5287583716588854064.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/5287583716588854081.jpg)

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**