> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 9 айдын ичинде 8 эл аралык электрондук акча системасы каттоосунан ажырады
- URL: https://im.kg/banktar/2026/09/18/9-aidyn-ichinde-8-el-aralyk-elektronduk-akcha-sistemasy-kattoosunan-azhyrady/
- Published: 2026-09-18T12:15:36.000Z
- Updated: 2026-09-18T12:15:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банктын расмий маалыматтарына ылайык, 2023-жылы эл аралык электрондук акча системаларынын бир дагы операторунун каттоосу жокко чыгарылган эмес. Ал эми 2024-жылы жана 2025-жылы бирден оператор каттоодон ажыратылган болсо, 2026-жылдын 9 айында мындай учурлардын саны сегизге жетти.**

> Буга чейин Ишкер медиа Улуттук банкка кайрылып, каттоонун жокко чыгарылыш себептерин сураганда, негизги себептеринин бири — оператордун Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзбөй калышында - деп билдиришкен.

Мындан тышкары, каттоо өз өлкөсүндө берилген лицензия же уруксаттын жокко чыгарылышына, оператордун каттоону токтотуу тууралуу өзүнүн өтүнүчүнө, КРнын мыйзамдарын, анын ичинде акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы талаптарды бузууга байланыштуу да жокко чыгарылышы мүмкүндүгү белгиленген.

**Улуттук банктын расмий билдирүүсүнө караганда, 2026-жылы каттоосу жокко чыгарылган операторлордун арасында* ***WebMoney Kazakhstan, Innopay, Cabbagino Payments, One Click, MaxPay, Yurta, Interpay жана Золотая Корона** *бар.*

Аты аталган каттоосу жокко чыгарылган эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорунун/ эл аралык электрондук акча эмитенттери тууралуу толук маалымат:

| **Аталышы**         | **КРУБ каттоосун жокко чыгарган күн** | **Каттону жокко чыгаруу себептери**              |
| ------------------- | ------------------------------------- | ------------------------------------------------ |
| Innopay             | 15.04.2026                            | Жайгашкан өлкөсүндө каттоосун жокко чыгаруу      |
| WebMoney Kazakhstan | 15.04.2026                            | Оператордун реестрден чыгаруу тууралуу арызы     |
| One Click           | 11.08.2026                            | Оператор катары КРнын аймагында ишти жүргүзбөгөн |
| Yurta               | 20.08.2026                            | Оператор катары КРын аймагында ишти жүргүзбөгөн  |
| MaxPay              | 11.08.2026                            | Оператор катары КРнын аймагында ишти жүргүзбөгөн |
| Cabbagino Payments  | 01.06.2026                            | Оператордун реестрден чыгаруу тууралуу арызы     |
| Interpay            | 16.09.2026                            | Оператор катары КРнын аймагында ишти жүргүзбөгөн |
| Золотая Корона      | 17.09.2026                            | Оператордун реестрден чыгаруу тууралуу арызы     |