> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АӨБ миссиясы банктар менен жолугушту
- URL: https://im.kg/banktar/2026/09/21/aob-missiiasy-banktar-menen-zholugushtu/
- Published: 2026-09-21T08:00:21.000Z
- Updated: 2026-09-21T08:00:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Азия өнүктүрүү банкынын "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоору боюнча орто мөөнөттүү миссиясынын алкагында "Элдик Банк" жана "АБанк" жетекчиликтери менен жумушчу жолугушуулар өттү. Бул тууралуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.**

> Маалым болгондой, жолугушууларга АӨБдүн жана аталган бөлүмдүн жана өнөктөш финансылык институттардын өкүлдөрү катышты. Тараптар долбоорду башкаруу, мониторингдөө, кредиттик ресурстарды жайгаштыруу жана мындан аркы кызматташтык маселелерин талкуулашты. 

Өзгөчө көңүл финансылык институттар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жана айыл чарба өкүлдөрүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга бурулду. 

Жыйынтыгында тараптар долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу жана бенефициарлар үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**