> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Июлда Кыргызстанга 279,5 млн доллар акча которулду
- URL: https://im.kg/banktar/2026/09/22/iiulda-kyrgyzstanga-279-5-mln-dollar-akcha-kotoruldu/
- Published: 2026-09-22T04:35:53.000Z
- Updated: 2026-09-22T04:35:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**2026-жылдын июль айында Кыргызстанга келген эл аралык акча которуулардын жалпы көлөмү 279,5 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий статистикалык маалыматтарында чагылдырылган.**

> Маалыматка ылайык, агып келген каражаттын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө туура келет. Алардан Кыргызстанга **262,1 млн доллар** которулган. Анын болжол менен **95%ы Россияга (253,9 млн)** туура келген.

Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга июль айында **17,4 млн доллар** которулган.

Ошол эле учурда 2026-жылдын июль айынын аягына карата Кыргызстандан башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын көлөмү **24,4 млн долларды** түздү. Анын ичинен **21,8 млн доллар КМШ өлкөлөрүнө**, ал эми **2,6 млн доллар алыскы чет өлкөлөргө** жөнөтүлгөн.

> Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга келген акча которуулардын таза агымы **317,7 млн долларды** түзгөн. Быйылкы жети айда акча которуулардын көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөндөгөнү белгиленүүдө.

Көрсөтүлгөн статистика жеке жактардын эл аралык акча которуу системалары аркылуу жиберген каражатты болуп саналат.