> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк эл аралык HR-тренинг ретритин өткөрдү
- URL: https://im.kg/banktar/2026/09/23/uluttuk-bank-el-aralyk-hr-trening-retritin-otkordu/
- Published: 2026-09-23T11:20:37.000Z
- Updated: 2026-09-23T11:20:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банк 15-17-сентябрда "Кызматкерлерди окутууда жана кесиптик өнүктүрүүдө HR ролу" темасында эл аралык көчмө HR-тренинг ретритин уюштурду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, иш-чарага Германиянын Deutsche Bundesbank, Венгриянын Magyar Nemzeti Bank борбордук банктарынын, ошондой эле Грузия, Азербайжан жана Армениянын борбордук банктарынын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар кызматкерлерди окутуу тажрыйбасы, учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору боюнча пикир алмашты. Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, келечектеги кызматташуунун багыттары аныкталды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**