> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган төрт жаранга айып пул салынды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/09/28/bishkekte-litsenziiasyz-valiuta-almashtyrgan-tort-zharanga-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-09-28T11:57:20.000Z
- Updated: 2026-09-28T11:57:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен акча алмашуу операцияларын жүргүзгөн төрт жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.**

> Маалыматка ылайык, **А.Н.Р., А.у.А., Е.Б.К.** жана **Ш.Н.К.** аттуу жарандардын ар бирине **17 500 сомдон** айып пул салынган. Жалпы салынган айып пулдун суммасы 70 миң сомду түздү.

Улуттук банктын лицензиясы жок валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүүгө мыйзамдарда тыюу салынат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) каналдарынан  
****окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**